Сапар Исаков "МАИчи" кантип шылдыңга калганын айтып берди. Видео

Жазылуу
Бейшемби күнү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны премьер-министр Сапар Исаковдун жетекчилиги алдында өттү.

Өкмөт башчы жол кырсыктары боюнча көйгөй актуалдуу бойдон калып жатканын белгиледи.

Ошондой эле Исаков Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерин шакаба чегүү көрүнүштөрүнө токтолду.

Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Исаков Кайгуул милициясы эмнеге жоюлганын айтып берди
Анын айтымында, Youtube тармагына унаанын ичинде отурган адамдардын аларды токтоткон милиционерге карата жагымсыз мамилеси тартылган видео жарыяланган.

"Милиционер унааны токтоткондон кийин айдоочуга себептерин жай түшүндүрүп берди. Бирок унаанын ичиндеги киши сыртка чыга калып, эми ал жөө адам экенин, укук коргоочу туура эмес кылганын айтат. Ошол маалда кайгуул милициясы бурулуп басып кетти. Ал эми унаадагылар камераны өчүрбөгөн бойдон аны шылдыңдап күлүштү. Бийлик өкүлүнө мындай мамиле жасалышына жол берилбеши керек. Ал көчөдө жол кырсыктарын алдын алуу максатында турат", — деди Исаков.

Мындан тышкары, Исаков ИИМ кызматкерлери тарабынан дагы кемчиликтер кеткен учурлар бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0