Турак жайын көчкү басып калган үй-бүлө 7 баласы менен сыз тамда жашап жатат

Жазылуу
Базар-Коргон районундагы Могол айыл өкмөтүнүн Кызыл-Суу айылындагы үй-бүлө 2017-жылдын жаз айларында жүргөн жер көчкүнүн кесепетинен үйсүз калган

Караанына зар болдук! Авиакырсыктан жакындарын жоготкондордун азыркы жашоосу - Sputnik Кыргызстан
Караанына зар болдук! Авиакырсыктан жакындарын жоготкондордун азыркы жашоосу
Жубайлар Турусбек Осмонов менен Санталат Орунбаева жети баланын ата-энеси. Аларга жергиликтүү бийлик тарабынан Орто-Сай айылынан 4 сотых жер тилкеси бөлүнүп берилген. Осмонов ден соолугунун начарлыгына карабастан эки бөлмөлүү там салууга аракет кылып, бирок каражаттын жоктугунан үй толугу менен бүтпөй калган.

Учурда күн суук болуп жаткандыктан Санталат Орунбаева беш баласын улгайган атасынын үйүнө жиберүүгө аргасыз болгон. Ал эми өзү жолдошу жана эки баласы менен кыштын ызгаардуу күндөрүндө толук курулуп бүтө элек үйдө күн кечирүүдө.

"Жолдошум оорукчан экенине карабай акча каражатынын жоктугунан үйдүн ичин кум шыбак менен шыбап баштаган. Тилекке каршы, көп узабай кайрадан жөтөлү күчөп, оорусу кармап калды", — деди Орунбаева.

Күйөөсүнүн да, өзүнүн да туруктуу жумушу болбогондуктан жубайлар баштарынан оор күндү кечирүүдө. Үй-бүлөнүн эч кандай киреше булагы жок. Балдары дагы мектеп курагында. Аларга убагында өкмөттөн 35 миң сом жардам берилген экен.

"Турак жайыбызды бүтүрүү үчүн курулуш материалдарын сатып алууга банктардан насыя алууга да чамабыз жок. 10 пайыздык үстөктү кантип төлөмөк элек. Эмне кыларыбызды билбей башыбыз маң болуп турган кезибиз", — деди Орунбаева.

Последствия оползня в Буйнакске - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: жер да, акча да алып кооптуу аймакта жашаган 2000ге чукул үй-бүлө бар
Ал кыштын ызгаардуу күнүндө көмүр сатып алууга да каражаты жоктугунан жаңгактын сырткы кабыктарын мешке жагып жан сактап жаткандыктарын кошумчалады.

ӨКМдин маалыматына караганда, Кызыл-Суу айылында 180 үй-бүлө жашайт. Аймак кооптуу деп табылгандыктан өкмөт Орто-Сай айылынан тургундардын бардыгына 4 сотыхтан жер бөлүп берген. Учурда 79 үй-бүлө ал жакка көчүп кеткен болсо, калган 101 үй-бүлө өкмөттүн буйругуна баш ийбей кооптуу аймакта күн кечирип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0