Москва мэринин кубогу үчүн ат салышкан "Азия MIX". Видео

Жазылуу
Кечээ Россиянын башкы каналынан КВНдин туулган күнүнө арналып Москва мэринин кубогу үчүн өткөн оюн көрсөтүлдү. Байге үчүн кыргызстандык "Азия MIX" командасы да күч сынашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык КВН кеңешинин жетекчиси Александр Масляковго оюндун жайкы кубогун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Масляковго КВНдин жайкы кубогун Ысык-Көлдө өткөрүүнү сунуштады
Оюн 23-ноябрь күнү "Планета КВН" борборунда өткөн. Жалпы жонунан ага үч блокко бөлүнгөн 12 команда катышкан. Өз номинациясында жеңишке жетишкен топ мэрдин кубогуна талапкер болгон. Бишкек командасынын оюнун видеонун 30-мүнөтүнөн баштап көрүүгө болот.

Ата мекендик команда Сургуттун "Борцы", Москванын "Горизонт" жана Смоленскинин "Триод жана Диод" командалары менен ат салышты. Мында жеңишке "Борцы" тобу ээ болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0