22:17 18 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7979
  • EUR77.3640
  • RUB1.0576

Уурулар атайын жабдуунун жардамы менен автоунаанын коопсуздук системасын алдап, машинанын эшигин оңой эле ачып алышкан

Улуу Британияда колу туткактар жаңы үлгүдөгү Mercedes-Benz автоунаасын бир мүнөткө жеткирбей уурдап кетишкенин Business Insider басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 25-сентябрда болгон. Уурулардын бардык аракеттерди видеобайкоого жазылып калган. Аны кийин Уэст-Миддленддин полициясы өзүнүн YouTube каналына жарыялаган.

Анда уурулар токтоп турган автоунаанын жанына келип, колундагы жабдуулар менен машинанын эшигин бир заматта ачып, билгизбей айдап кеткенин көрүүгө болот. Полиция уурдалган автоунааны таба элек.

Укук коргоо органдары мындай уурулардын изине түшүп, иштин бетин тез арада ачуу үчүн автоунаа ээлерине машина кайда экенин көрсөтүп турган атайын системаны орнотууну сунуштайт. Мындай система орнотулган автоунаалар бат табылат.

Тема боюнча

Черногория: көчөдөгү ит кызды коргоп, талоончунун азабын берди
Белгилер:
видео, автоунаа, уурулук, Улуу Британия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ