Бишкектик кыздар атактуу "Алымканды" созду. Видео

Жазылуу
Бүгүн КТРК "Асман" вокалдык шоусунун жаңыланып чыгарышын көрсөтөт. Катышуучулар дуэль форматында ырдап, калыстар тобу мыкты ырдаган аткаруучуну тандайт.

Айзана Усупбаева менен Айбек кызы Тамгагүл атактуу акын Токтогул Сатылгановдун "Алымкан" ырын аткарышты. Калыстар тобунун берген баасынан улам, сынактын келерки этабына Айзана Усупбаева өттү.

КТРК "Асман" вокалдык шоусун бүгүн саат 22.55те көрсөтөт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу аталган долбоордун расмий өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0