Атамбаев кандай президент эле? Учкучу, сүрөтчүсү, борт коштоочусу айтып берди

Жазылуу
Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) чыгармачыл тобу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык башкаруусуна арналган жыйынтыктоочу сюжет даярдады.

Жума күнү, 24-ноябрда, Жээнбековдун инаугурациясы болуп, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков и президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековго бата берди
Мурда коомчулукка көрсөтүлбөгөн кадрларды сюжеттин үстүндө иштеген журналист Канат Каниметов өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жарыялады. 

Каниметов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдиргендей, сюжетте Атамбаев менен алты жыл аралыгында иштешкен адистер анын кандай адам, жетекчи экенин айтып беришет.

Президент тууралуу өз пикирлерин учурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, президенттин мурдагы жардамчысы, азыркы Эсеп палатасынын жетекчиси Улукбек Марипов, аппарат жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева жана башкалар билдиришти.

"Атургай президенттин жеке учкучу, сүрөтчүсү жана оператору дагы маек беришти. Биз өлкө башчысын аны менен бирге иштегендердин көзү менен бергибиз келди. Кыскасы, материалда расмий кадр жок, мурда коомчулук көрбөгөн ирмемдерди берүүгө аракет кылдык", — деди Каниметов.

Журналист бул материалдын үстүндө беш күн иштегенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0