Лондондо аялдын баштыгын уурдай качкандарды жөө адам жерге көтөрүп чапты

Жазылуу
Акыркы учурда Англияда бул өңдүү уурулук көп катталып жатканын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты

Лондондо жолдо бараткан аялдын баштыгын уурдап качууга аракет кылган мопедчен эки кишинин бирин жөө адам жерге көтөрүп чапты. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги билдирди.

Митинг в поддержку мигрантов в центре Рима - Sputnik Кыргызстан
Кытайда дырдай жылаңач кишинин уурулук кылып жүргөнү видеого түшүп калган
Уурулардын кылыгы жолдо кетип бараткан автоунаанын видео байкагычына түшүп калган. Видеодон мопед минген эки киши жолдун четинде кетип бараткан аялдын сумкасын алып качууга аракет кылганын көрүүгө болот.

Жолдун экинчи тарабынан күтүүсүздөн чыккан киши алардын бирөөнү жерге көтөрүп чапкан. Колунан баштыгы түшкөн уурулар тезинен из жашырууга аракет кылышкан.

Акыркы учурда Англияда бул өңдүү уурулук көп катталып жатканын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0