Атамбаев: Кытай менен Россияны таарынтканыбыз үчүн АКШ базасын чыгардым

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде бир чечимдеринин себептерин ачык айтып берди

Өлкө башчы көпчүлүк анын сөздөрүн кезектеги "балп этме" катары кабыл аларын белгиледи.

"Мен эмоцияга берилсем да ойлонуп туруп сүйлөйм. Айрым билдирүүлөрдү жасап жатып өзүмө душман топтоп алганымды да түшүнгөм. АКШ базасын чыгарарыма америкалыктардын өздөрү да ишенген эмес. Бул базаны өлкө аймагына жайгаштырып, башкарууга шарт түзүп берип биз эки ири державаны — Россия менен Кытайды таарынтып алганбыз", — деди Атамбаев.

Президент АКШнын жардамына караганда коңшулар менен мамилени бекемдөө маанилүү экенин айтты.

"Кээде мамилени бузууга да туура келди. Назарбаев менен Каримов мени кечирбей турганын да түшүнгөм. Мындай абал мени кубандырган эмес… Эгер мен БУУда унчукпай отуруп алсам, өлкөнү балким "шестерка " башкарып калмак беле…", — деди өлкө башчы.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев мени эч качан кечирбей турганын билгем. Атамбаев өз кадамдары тууралуу
Эскерте кетсек, "Манас" аэропортунда 2001-жылдан 2014-жылга чейин өзөгү АКШнын куралдуу күчтөрүнөн турган террорчулукка каршы авиабаза жайгашып келген.

Ал эми Атамбаевдин нааразычылыгына президенттик шайлоо маалында талапкер Өмүрбек Бабановдун Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу себеп болгон. Дал ошол жолугушуудан кийин 7-октябрь күнү Атамбаев коңшу өлкөнүн бийлигин катуу сынга алган. Үч күндөн кийин кыргыз-казак чек арасында кыйынчылыктар жаралып, унаа менен адамдардын өтүүсү тааталдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0