Астронавт космостон метеордун кулаганын видеого тартып алган

Жазылуу
Метеордун ылдамдыгы секундасына 40 чакырымды түзүп, кадимкисинен эки эсе катуу учканын көрүүгө болот

Астронавт Паоло Несполи Эл аралык космостук станциядан метеордун кулаган ирмемин видеого тартып алууга жетишкен. Ал Youtube каналына жайгаштырылды. 

​Видеонун 7 жана 8-секундасынын ортосунан космостук объект Жердин атмосферасынан өткөнүн байкоого болот. 

"Биз станциядан көп эле метеор көргөнбүз, бирок бир да жолу тартып алууга үлгүргөн эмеспиз. Менин жолум болду. Өтө жарык жана катуу учкан метеор Жерге секундасына 40 чакырым ылдамдыкта кулады. Сиздер да көрдүңүздөрбү?" — деп жазган астронавт Twitter баракчасына. 

​Европа космос агенттигинин баасы боюнча метеор чынында эле катуу учкан, адатта алардын алдымдыгы секундасына 20 чакырымды түзөт.

Буга чейин АКШнын Финикс шаарындагы видеобайкоо камерасына метеордун кулаганы түшүп калган. Анда космостук объект бир ирмемге айланасын жарыкка бөлөп өчкөнүн көрүүгө болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0