Mashable маалымат порталынын билдирүүсүндө, окуя Ханоя көчөсүндөгү видеокөзөмөлгө түшүп калган жана аны ViralHog каналы жарыялаган.
Видеодо көрүнүп тургандай, жолдо жүк ташуучу унаа келе жаткан убакта окуучу бала велосипедден кулап кетип, унаанын дөңгөлөгүнүн алдында калган. Бактыга жараша унаанын дөңгөлөгү баланын калың сумкасын тебелеп башы менен колунан бир аз эле алыс өткөн.
Бул учурда жол жээкте турган аял окуучунун дароо өзүнө тартып алган. Ал эми айдоочу токтоп да койгон эмес.