Күбө жолдо милициянын формасын кийип жаткан кишини видеого тартып алган

Жазылуу
Ички иштер министрлиги күбөнүн билдирмесин текшерип жатат

Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарында милициянын формасын кийген киши туюк көчөлөрдүн биринде жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp-каналы аркылуу билдирди. Анын айтымына караганда, видео 1-ноябрда тартылган.

"Ага инспектор милиция күнүн белгилеп, мас абалында жолго уктап калган. Азыр анын абалы жакшы, кызматын улантып жатат", — деп күбө ишендирүүдө.

Учурда ички иштер министрлиги күбөнүн билдирмесин текшерип жатат.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0