Бишкекте машина кишини коюп кетти. Кырсыктын видеосу

Жазылуу
Күбөнүн айтымында, жол кырсыгы саат 12:30дар чамасында болгон

Бишкекте машина жөө адамды коюп кеткенин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кырсык 12:30дар чамасында Иса Ахунбаев менен Островский көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Видеодо көрүнгөндөй жабыркаган кишинин үстүн төшөк менен жаап коюшкан. Ал машиналар өтчү жерде жатат. Жанында кишилер турат.

"Кырсык болгон жерден өтүп баратып эле тартып алдым", — деди күбө.

Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы бул жол кырсыгы боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.

Тез жардам кызматы да аталган дарек боюнча чакыруу түшпөгөнүн маалымдады.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0