Таиландда жолго чуркап чыккан пил ири кырсыкка себепкер болду. Видео

Жазылуу
Окуя Таиланддын түндүк-чыгышындагы Накхонратчасима шаарында болгон

The Daily Mail басылмасынын билдиришинче, айдоочу кечинде аялы жана балдары болуп жолдо бараткан. Алар Кхауяй улуттук паркынын аймагына келгенде жолго пил чуркап чыккан. Айдоочу машинаны токтотууга жетишпей калган.

Окуя машинанын видеожазгычына түшүп калган.

Кырсыктан эч ким олуттуу жаракат алган эмес, бирок машинанын алдыңкы бөлүгү жарактан чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0