Жалал-Абаддагы адам өмүрүн алган айнек тоонун асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Майлуу-Суу шаарына жакын жерде таштанды болгон. Ал жакка ондогон жылдар бою жараксыз лампочкалар төгүлүп турган.

Майлуу-Суудагы электр лампаларын чыгарган заводдогу жараксыз болуп калган лампочкалар менен люстралар 60-жылдары айнек тоого ташталып турган. Анын учурдагы көрүнүшүн Sputnik агенттиги асмандан тартып алды.

Тонналаган айнек алдынан балдардын сөөгү табылган: шаар трагедиясы жана үмүт - Sputnik Кыргызстан
Айнек алдында калган балдардын сөөгү. Шаар трагедиясы жана үмүт
2000-жылдары бул жерде чыныгы Клондайк башталган: күн сайын 4 миңге жакын адам вольфрам спиралдарын кармап турган никелден жасалган таякчаларды издешкен.

Казылган жерлердин тереңдиги 20 метрге чейин жеткен. Айрым учурларда жер урап өмүрлөр кыйылган. Бир нече жыл ичинде 24 киши көз жумган, алардын арасында балдар дагы бар.

Издөөчүлөр бир айда 20 миң сомго чейин таап коюшкан. Бул каражат ал мезгилде абдан көп болчу. Айрым айлакерлер ал жерге ашкана, кафе керек болсо сойкукана дагы ачууга жетишкен.

2009-жылы "никель дүрбөлөңү" токтогон. Себеби заманбап лампочкаларда никелдин бөлүгү жок. Анын ордуна никель жалатылган болот колдонула баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0