Өрүктөр уктаганда иш башталат. Баткендик Момунов кыл кыякты кантип жасарын айтты

Жазылуу
Жыгач уста Алибай Момунов алгачкы жолу жасаган кыл кыякка бир жылдай убакыт короткон

Өзгөндүк жыгач уста Жылдызбек Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
Уста Шамшиевдин Индияга кеткен Өзгөн мунарасынын макети, АКШны аралаган кеселери
Баткендин Ак-Турпак айылында жашаган жыгач уста Алибай Момунов алгачкы жолу кыл кыяк жасады. Ага бир жылдай убакыт короткон. Учурда экинчи кыл кыякты даярдап жатат.

Кыл кыяк жасоо комузга караганда көп мээнетти талап кылат. Бирок бир жыл дегенде даяр болгон кыл кыяк устаны шыктандырды. Уста Алибай Момунов эки жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Анын колунан жасалган жыгач буюмдары алыскы америкага чейин сатылып жатат. Ал кыргыздын улуттук аспабы болгон комузду чапканды мыкты өздөштүргөн. Бир комузду бир ай ичинде жасап даяр кылат.

Өрүктөр уктаганда иш башталат

"Комузду жасоо үчүн көп жылдык өрүк жыгачы керектелет. Алгач жыгачты сууга кайнатып, суусун чыгарып алуу зарыл. Октябрь айынан тарта өрүк жыгачын кесип алабыз. Анткени ал убакта дарактар уктай баштайт да, суу тартпай калат. Аны кургатуу зарыл. Нымдуу жыгачтан жасалган комуз жарылып кетет", — деди Момунов.

Анын айтымында, бир ай ичинде үч-төрт даана комуз сатылат жана 5 миңден 15 миң сомго чейин бааланат. Кардарлары бир гана Баткен аймагында эмес, өлкөнүн бардык облустарында бар. Анын колунан жасалган комуздун айырмачылыгы, кылдары кара койдун ичегисинен эшилгендиктен мукам үндөр чыгат.

Кыл кыякка мээнет көп жумшалат

Момунов быйыл алгачкы жолу кыл кыяк жасап көрдү. Комузга караганда, көп мээнетти талап кылуучу бул аспап бир жыл дегенде даяр болгон. Бирок, аталган музыкалык аспап устаны шыктандыргандыктан учурда экинчисин жасоого бел байлады.

Эл аралап ырдап, комуз саткан Орозбек ата: кээде бир күндө 10 миң сом табам - Sputnik Кыргызстан
Эл аралап ырдап, комуз саткан Орозбек уста: кээде бир күндө 10 миң сом табам
Кыл кыякты деле өрүктүн жыгачынан жасаган. Ага төөнүн териси капталып, жаасын табылгадан болуп, ага 120 тал кыл керектелет экен.

Жыгач уста Момунов бул эмгегин 20 миң сомго баалап жатат. Мындан сырткары, каарманыбыз жыгачтан үй тиричилигине керектелүүчү буюмдарды чабат. Аш такта, нан такта, чөмүч сыяктуу буюмдарга буюртмалар түшүп турат. Ал мээнетинин арты менен ай сайын 20 миң сомго жакын киреше таба тургандыгын айтып берди.

Чебер 1989-жылы Бишкек шаарындагы "Мураскер" элдик кол өнөрчүлүк окуу жайына тапшырган. Ал эл аралык этнофестивалдарга II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да катышып, эмгектерин көргөзмөгө койгон. Устанын жыгач кашыгынын 50 даанасын америкалыктар 10 миң сомго баалап, алып кетишкендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0