Синдзо Абэ Дональд Трамп менен гольф ойноп жатып аңга кулап кетти. Видео

Жазылуу
Дональд Трамп окуяга көңүл деле бурбаганы айтылууда

Британиялык тележылдыз Жемма Коллинздин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Британиялык тележылдыз BBC каналынын сыйлыгын тапшыруу учурунда сахнадан кулап кетти
Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ АКШ президенти Дональд Трамп менен гольф ойноп жатып аңга кулап түштү. Бул тууралуу ABC News телеканалына таянып РИА Новости жазып чыкты. 

Видеодон япон премьер-министри гольф тобун ургандан кийин аңдан чыгып баратып, тең салмактуулугун жоготуп кайрадан кулаганын көрүүгө болот. Маалыматка караганда Трамп окуяга көңүл деле бурган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0