АКШда канализацияга түшүп кеткен енот семиздигинен аман калды. Видео

Жазылуу
Жаныбар канализациянын чыпкасынан өтүп кетүүгө аракет кылып, бирок тыгылып калган

Чикагонун чет жагында куткаруучулар канализациянын чыпкасына тыгылып калган енотту сактап калышты. Бул тууралуу New York Post басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Бишкектин көчөлөрүндө мойнуна каргы тагылып жетекте жүргөн арстандан күчүгү ээсинен алынып, Бугу Эне коомдук фондусуна өткөрүп берилди - Sputnik Кыргызстан
Арстандын күчүгү ээсинен алынып, адистерге өткөрүп берилди
Бул окуяны күбөлөр видеого тартып алышкан.

Анда көрүнүп тургандай жаныбарды сактап калууга келген куткаруучулар менен полиция кызматкерлери енот диетага отурушу зарыл экенин айтып тамашалашты.

Маалыматта айтылгандай, аны алгач полиция кызматерлери өздөрү чыгарууга аракет кылган. Бирок өтө эле семирип кеткен жабыларга жардам көрсөтө албай калганда куткаруучуларды чакырышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0