"Көрүнбөгөн" топту тепкилеген германиялык дарбазачы элди күлкүгө бөлөдү

Жазылуу
Дарбазачы тобун артка өткөрүп жиберип күлкүгө калды

Германия чемпионатынын 11-турунда "Боруссия" футбол командасы менен беттешке чыккан "Майнца" клубунун дарбазачысы Робин Центнер күйөрмандардын күлкүсүнө калды. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазып чыкты.

Бир секундда 10 метр. Шамалдай учкан футболчу соцтармакты таң калтырууда - Sputnik Кыргызстан
Бир секундда 10 метр. Шамалдай учкан футболчу соцтармакты таң калтырууда
Дарбазачы астына келген топту өнөктөшүнө ашырып берүүгө камынып жатканда артына өтүп кеткен. Аны көрбөй эле өзү менен өзү бутун шилтей берген. Ал убакта атаандашы арттындагы топко карай чуркап жөнөгөн. Бирок дарбазага гол киргизе койбой кырдаалды оңдоп кетүүгө үлгүргөн.

Оюндун соңунда дарбазачы Робин Центнер ал топ менен пенальти тебүүгө көрсөтүлгөн белги менен алмаштырып алганын айткан.

Эки команданын беттеши 1:1 эсеби менен аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0