Борбор калаада маршрутка эки унаа менен кагышып адамдар жабыркады. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Окуя бүгүн, 5-ноябрда болжол менен саат 16.30да болгон

Борбор калаанын чок ортосунда маршрутка жол кырсыгына кабылганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө билдирди.

Күйүп жаткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күбө: айдоочу күйүп жатканда биз эч нерсе кыла алган жокпуз
Анын айтымында, кырсык 5-ноябрда болжол менен саат 16.30да Ибраимов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде болгон.

Видеодон Honda Stepwg, жеңил унаа жана эл ташыган бус кагышканын көрүүгө болот.

Кырсыктын кесепетинен жаракат алгандар бар экени жана жеринде Тез жардам иш алып барып жатканы айтылат.

Бишкек шаардык Кайгул милиция башкармалыгы аталган аймакта жол кырсыгы катталганын тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0