Картошка менен сүт дагы контрабандабы?! Исаковдун Казакстанды сындаган видеосу

Жазылуу
Премьер-министр Сапар Исаков Өзбекстанда өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып, кыргыз-казак жана орус-казак чек араларындагы абал тууралуу маселе көтөрдү

Исаков Кыргызстан КМШнын эркин соода аймактары тууралуу келишиминин алкагында коңшу Өзбекстан менен келишимди ратификация кылганын айтты. Бул аталган аймакта соода-экономикалык алаканы өнүктүрүү үчүн жасалууда.

"Тилекке каршы, учурда Шериктештикке кирген бир катар мамлекеттер товарлардын эркин транзитин сактабагандыгынан улам эркин соода аймагы бар деп айтуу кыйын болуп турат", — деди Исаков.

Өкмөт башчы Казакстан менен түзүлгөн келишимге карабастан, 2017-жылдын октябрь айынан бери Кыргызстандын жарандары менен келген чет элдиктерге, жергиликтүү жана чет элдик жүк ташуучуларга жасалма түрдө тоскоолдуктар коюлуп жаткандыгын эске салды.

Жол боюнда 500-600гө чукул жүк ташуучу унаа зарыгып кезегин күтүп турат. Чек арадан өтүү үчүн аларга кеминде 5 күн кетип жатат. Муну менен казак тарап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына койгон чектөөлөргө контрабанда баштаган ар кыл шылтоолорду айтып келет.

Заседание Евразийского совета глав правительств ЕАЭС в КР - Sputnik Кыргызстан
Казак премьери Сагинтаев Исаковго жооп берип Кыргызстанга 5 шарт койду. Видео
"Жүктүн 20 пайызын түзгөн Кыргызстанда өстүрүлгөн айыл чарба азыктарын (картошка, пияз, кара өрүк жана жүзүм) контрабанда деп атоого болобу? Же ЕАЭБдин бирдиктүү реестринде катталган, Казакстандын рыногуна чыгарылып жаткан сүт азыктары контарабанда болуп калабы? Россияга кеткен 80 пайыз транзит жүктөр анда контрабандабы?" — деди Исаков.

Кыргыз өкмөт башчысы эл аралык соода келишимдеринин негизинде мөөр басылган үчүнчү өлкөлөрдөн темир жол менен келе жаткан жүктөр да текшерилип, кармалган фактылар белгилүү болуп жаткандыгын айтты.

"Кыргызстандын ишкерлери Казакстандын кирешелер боюнча комитетинен бажынын тыкыр көзөмөлү үчүн "келүү" зарылдыгы туурасында билдирүүлөрдү алып турушат. Мен белгилеп айтып койчу учур — Европадан келген транзиттик жүктөр. Анан бир заматта эле Кыргызстанга келе жаткан жүктөрдүн баары контрабанда болуп калдыбы?" — деди Исаков.

Премьер-министр жасалма тоскоолдуктар ишкерлерге утурумдук финансылык кыйынчылыктарды келтирип, интеграциялык бирикменин негизги принциптери болгон товарларды тоскоолдуксуз ташып, кызмат көрсөтүүлөрдүн, адам ресурстары менен капиталдын эркин жүрүшүнө каршы келип жатканын айткан.

Исаков Кыргызстан өкмөтү казак тарап киргизген чектөөлөр утурумдук деген ишенимде экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0