Маршрутка Бишкекте эки жеңил унаа менен кагышты. Жеринен алынган видео

© Sputnik / Табылды КадырбековМаршруттук автоунаалар. Архив
Маршруттук автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын кесепетинен бир жарандын мээси чайкалган

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбор калаада маршрутка эки жеңил автоунаа менен кагышканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя бүгүн, 3-ноябрда, болжол менен саат 15:10дор чамасында Курманжан датка көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде катталган.

"Honda Fit, Honda Accord жана микроавтобус кагышты. Соккудан улам Fit жолдун четине чыгып кетти", — деди күбө.

Анын кесепетинен 21 жаштагы жигиттин мээси чайкалып, ал ооруканага жеткирилген.

Кайгуул милиция башкармалыгы кырсык болгон жерге милиционерлер жиберилгенин маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0