Жүрөк түшөт! Альпинисттерди көчкү басып калганы видеого түшүп калган

Жазылуу
Бактыга жараша, германиялык алты, швейцириялык эки альпинисттен турган топ аман калды

Швециялык турист Магнус Линдквист Кыргызстандагы Ленин чокусуна чыгып бара жаткан чет элдик альпинисттерди кар көчкү басып калган видеону интернетке жүктөдү.

Альпинист на соревнованиях - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын тоолорунан ажал тапкан чет элдиктер. Акыркы 10 жылдагы кырсыктар
The Daily Mail басылмасы жазганына караганда, видео 16-июль күнү деңиз деңгээлинен 5300 метр бийиктикте жайгашкан №2 лагерде тартылып алынган.

Анда көрүнүп тургандай, тонналаган көчкү альпинисттер кетип бара жаткан жакка агылып келип, аларды басып калат.

Видеонун авторунун айтымында, Ленин чокусуна башка жол менен чыгууну көздөгөн европалык альпинисттер ылдыйыраак жерде кетип бара жатышкан.

Бактыга жараша, германиялык алты, швейцириялык эки альпинисттен турган топ аман калды.

Макалада айтылгандай, дал ушул жерде 1990-жылы 40 альпинист көчкү алдында калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0