Таластагы митинг кандай болду. Жеринен алынган видео

Жазылуу
Таластыктар президенттен элден кичирим суроону, өкмөттөн болсо чек ара маселесин чечип, казак премьеринин айткандарын эске алып коомчулукка отчет берүүнү талап кылышты.

Митинг в центре Таласа - Sputnik Кыргызстан
Таласта митингге чыккандар бийликке үч талап коюп тарашты
Жекшемби күнү, 29-октябрда Талас шаарындагы облустук администрациянын алдында тынчтык митинги өттү. Түрдүү маалыматтар боюнча ага 200дөн 500гө чейин киши катышты. Таластыктар президенттен аларды Абыке, Көбөштүн тукуму дегени үчүн элден кичирим суроону, өкмөттөн болсо чек ара маселесин чечип, казак премьеринин Кыргызстандын бажы кызматы коррупциялашкан дегенин эске алып, бул боюнча коомчулукка отчет берүүнү талап кылышты.

Митингге чыккандар резолюция кабыл алып, бир жуманын ичинде талаптардын аткарылышын талап кылып, 3-ноябрда кайрадан чогулушарын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0