Оңой жана даамдуу: Бишкекте "хитке" айланган хан-палоонун видео рецепти

Жазылуу
Кыргыздын улуттук тамактарын канткенде оңой жол менен даамдуу кылып жасай алабыз? Муну биздин видео рецептерден көрө аласыз. Кезекте үстүбүздөгү жыл ичинде хитке айланган — хан палоо.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Оңой жана даамдуу" рубрикасында сиздерди улуттук ашкана менен тааныштырабыз. Бул сапар редакция NAVAT кафесинин ашпозчусу Анвар Бабажанов менен биргеликте хан-палоону даярдоону үйрөтөт.

Бул тамакты бир нече вариантта жасаса болот, биздин видеорецепте эң оңою көрсөтүлөт.

Сегиз порция үчүн төмөнкү азык-түлүктөр керектелет:

  • Сулп эт — 1 кг
  • Күрүч — 1 кг
  • Пияз — 1 кг
  • Кызыл жана сары сабиз — 500 граммдан
  • Суу май — 150 гр
  • Кызыл калемпир — 2 даана
  • Сарымсак — 1 даана
  • Нут (түрк буурчагы) — жарым стакан
  • Камыр
  • Туз менен калемпир — 10 гр
  • Зире — даамына жараша

Күрүчтү бир нече ирет жуугандан кийин туз кошулган жылуу сууга 15 мүнөткө чылап коюу керек. Пиязды жарым шакекче, сабизди ичке жана уйдун сулп этин анча чоң эмес кылып туураш керек. Ысыган казандагы майга пиязды кызарганча кууруп андан кийин этти кошобуз.

Оңой жана даамдуу: Sputnik менен биргеликте Убай сорпосун жасайбыз - Sputnik Кыргызстан
Оңой жана даамдуу: Sputnik менен биргеликте "Убай сорпосун" жасайбыз
Эт күрөң түскө келгиче куурулганда үстүнө сабиз, нут, 1 литр суу же шорпо куюп 40 мүнөт демдөө керек. Андан кийин күрүчтүн суусун төгүп казанга салгандан кийин татымдарды кошуп аралаштырыңыз. Күрүч казандагы суюктукту өзүнө сиңирип алгандан кийин үстүнө жуулган сарымсак менен калемпирди салып 20 мүнөткө басаңдатылган отко демдеп коюңуз.

Камырды болсо диаметри 50 сантиметр болгудай кылып жаюу керек. Табаны жакшылап майлагандан кийин ичине жайылган камырды жайгаштырабыз. Андан кийин табанын ичине казандагы палоону салып, күрүчтүн үстүн камыр менен жабыңыз дагы, дагы бир ирет майлап коюңуз.

Мешти 300 градуска чейин ысытып хан-палоону 20 мүнөткө салып коюңуз. Бышкандан кийин аны сегиз бөлүккө бөлүңүз.

Бул тамакты даярдоого жалпысынан 2 саат кетет. Тамагыңыз таттуу болсун!

Жаңылыктар түрмөгү
0