Италия: айдоо талаасына Ким Чен Ындын эки жүз метрлик сүрөтү тартылды

Жазылуу
Сүрөттүн узундугу 250 метр, туурасы 90 метрди түзөт

Италиялык сүрөтчү Дарио Гамбарин трактордун жардамы менен Верона шаарына жакын жердеги талаага Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын сүрөтүн тартып, анын жанына англисче "Коркунуч" деген сөздү да жазган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Автордун өзүнүн айтымында, сүрөттүн жалпы аянты 22 миң чарчы метрди ээлейт. Узуну 250 метр, туурасы 90 метрди түзөт. Аталган эмгекти жаратууга 5-6 саат убактысы кеткен.

"Ким Чен Ын өзөктүк куралдарды сынап, дүйнөгө коркунуч туудурууда. Дональд Трамп эң күчтүү лидер болгонуна карабай Ким Чен Ындан кем калбайт. Алар адамзаттын жери менен ойноп жатышат", — деп жазган сүрөтчү.

​Италиялык сүрөтчү июль айында талаага Россиянын президенти Владимир Путиндин да элесин түшүргөн. Ага чейин Дональд Трамптын портретин тарткан.

Дарио Гамбарин ири держава лидерлеринин сүрөтүн ири масштабда тартуу менен атагы чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0