Депутаттар отставкага кеткен ЖК төрагасын узатышты. Видео

Жазылуу
Чыныбай Турсунбеков төрагалык кызматтан кетип, бирок саясаттан четтебей турганын билдирди

Выборы торага Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы шайланып жатат. Тексттик трансляция
Шаршемби күнү, 25-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кызматынан кетерин билдирди. Ал сөзүн аяктагандан кийин трибунадан түшүп, партиялаштарынын жанына барып отурган. Ал эми залдан чыгып баратканда депутаттар ал Жогорку Кеңештен кетип бараткандай кол берип, кучакташкан. Бирок Турсунбеков өз сөзүндө төрагалыктан кеткени менен, саясаттан четтебей турганын белгиледи.

Ал мындай чечимге эмне себептен келгенин дагы айтып өттү.

"Менин кетишим президенттик шайлоодо көтөрүлгөн температураны төмөндөтөт", — деди Турсунбеков.

Чыныбай Турсунбеков 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп келип, саясатка аралаша баштаган. Ал эми төрага болуп 2016-жылдын апрель айында шайланган. Ага чейин КСДП фракциясы менен көпчүлүк коалициясын жетектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0