Кыргыз кыз-келиндери Москвада элечек кийип флешмоб өткөрүштү. Видео

Жазылуу
Уюштуруучулардын айтымында, мындай флешмоб чет өлкөдө биринчи жолу өттү.

Москва шаарында элечек кийген кыргыз кыз-келиндеринин "Аалам. Аял. Аруулук" аттуу флешмобу өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине уюштуруучулардын бири Айжан Акылбекова билдирди.

Анын айтымында, мындай флешмоб чет өлкөдө биринчи жолу уюштурулуп жатат.

"Москвадагы "Айым" аттуу кыз-келиндер клубунун жетекчиси Шахризада Аданова көптөн бери эле ушундай иш-чара өткөрүүнү сунуштап жүргөн. Бизде дагы элечек менен дүйнө кыдырсакпы деген тилек бар эле. Ойлорубуз дал келип флешмобду биринчи Россиянын борборунан баштадык. Иш-чарага ошол жакта жашаган 11 кыз-келин катышты. Негизги максатыбыз чет өлкөлүктөргө көз жоосун алган улуттук кийимибизди, баш кийимдерди көрсөтүү. Себеби аялзаттын көркүн кийим ачат эмеспи", — деди Акылбекова.

Элечек кийген кыз-келиндер Кызыл Аянтты, соода жайларын жана шаардын көчөлөрүн кыдырып калаа тургундарын таң калтырган.

Работы дизайнера одежды Алмаз кызы Чолпонай - Sputnik Кыргызстан
Студент дизайнер Чолпонай: шаардык менен айылдыктардан эки башка буюртма түшөт
"Алдыбыздан чыккандардын айрымдарынын балдары "бул эмне болгон кийим" деп сурап жатышты. Алардын кээ бири "бул кыргыз улуттук кийими десе, айрымдары булар мусулмандар экен" деп жооп беришти. "Кыргыздар ушундай сулуу болоорун байкабаптырмын" дегендер да болду. Айтор, флешмоб ийгиликтүү өтүп, көпчүлүк бизди суктануу менен карашты", — деди уюштуруучу.

Ал ошондой эле аталган флешмоб башка өлкөлөрдө да уланарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0