Германияда кеңседе отурган тургундарга жапайы камандар кол салды

Жазылуу
Аны жок кылуу үчүн полиция кызматкерлери мергенчиге кайрылууга аргасыз болушкан

Германиянын Хайде шаарынын тургундарына жапайы камандар кол салып, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Индонезияда жыл өткөн сайын каман менен дөбөттөрдүн айыгышыкан уруштары күч алып жатканын Reuters агенттиги жазды - Sputnik Кыргызстан
Ажал менен арбашканда. Индонезияда каман менен дөбөттөрдүн айыгышкан кармашы
Камандардын кол салуусу видеого түшүп калган. Анда көрүнүп тургандай, жапайы жандык көз айнектер салонуна кирип барганда, кызматкерлердин баары жашынууга аргасыз болгон.

Кийинчерээк дагы бир каман жергиликтүү банкка кирген. Аны жок кылуу үчүн полиция кызматкерлери мергенчиге кайрылууга аргасыз болушкан. Ал эми экинчи каман качып кетүүгө үлгүргөн. Мындан улам бийлик жергиликтүү тургундарга үйдөн чыкпоону суранган. Бир нече сааттан кийин каман шаар сыртына чыгып кеткен.

NDR радиостанциясынын маалыматына ылайык, каман жабыркаган адамдардын биринин манжасын тиштеп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0