Чек арадагы сегиз чакырымдык тыгындын асмандан көрүнүшү

Жазылуу
Чек арадагы көйгөй 10-октябрда жаралган. "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда кезек күткөн унаалардын саны жүздөн ашып, тыгындын узундугу сегиз чакырымга жетти.

Кантта кызылча өткөрөм дегендер акыйып кезекте турат. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кантта кызылча өткөрөм дегендер акыйып кезекте турат. Видео
Бир күн кезекте туруу ар бир ишкерге 100 доллардан айланууда. Бүгүн узак жолго сапар алган Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары ассоциациясы кезекте тургандарга күйүүчү май даярдады.

Кечээ Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Казакстанга барган. Ал жактан премьер-министрлердин, министрликтердин, ведомство жетекчилеринин сүйлөшүүсүнүн негизинде эки өлкөнүн чек арасынан өтүү боюнча макулдашуу түзүлдү.

Ага ылайык, 19-октябрда саат 00:00дөн тарта казак-кыргыз чек арасынан жөнөкөй адамдардын, жеңил автоунаалардын, бош ири унаалардын ары-бери эркин катташы биринчи орунга коюлду.

Ассоциациянын кайдыгер карабаган адамдары кыргызстандык айдоочулар үчүн ысык тамак даярдашкан. Күбөлөрдүн айтымында, азык-түлүк алып келген унаалар элди тамак менен камсыздоо үчүн бир нече рейс жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0