Атамбаев: Батыш кош стандартын башка жакта колдонсун!

Жазылуу
Өлкө башчысы 16-октябрда Кыргызстандагы президенттик шайлоого көз салуу үчүн келген эл аралык байкоочу миссияларынын өкүлдөрүн кабыл алган

Президент Алмазбек Атамбаев жолугушууда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттер ассамблеясынын вице-президенти Азай Гулиевдин сөзүн бөлүп, Европанын айрым кош стандарттуу саясатынын Кыргызстанга кереги жоктугун айтты.

"Мен ЖМКга карата бир нече арыз бердим, анткени мени улуттар аралык кастыкты козутту жана менин алтын жана бриллианттарымдан улам учак кулап, ондогон киши каза болду деп жазып жатышат. Силер Батышта адамдар мындай айыптоолор боюнча сотко бере алат деп жатасыңар, эмне Кыргызстандагы кишилер андай кыла албайбы? Биз эмне экинчи сорттогуларбызбы? Угуп койгула, бизге кош стандарттын кереги жок, аны башка жакта колдонгула", — деген кескин пикирин билдирди.

Өлкө башчы өз сөзүндө демократия — мыйзамдын диктатурасы жана эркиндик — жоопкерчилик деген принципти карманарын айтты.

Ал эми бүгүн, 17-октябрда, Европа биримдиги Кыргызстанда президенттик шайлоо учурунда добуш сатып алуу, шайлоочуларга басым жасоо, ЖМКлардын эркиндигин чектөө жана административдик ресурсту колдонуу өңдүү мүчүлүштүктөр болгонун расмий түрдө билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0