Атамбаев чек ара маселеси ЕАЭБ тагдырына таасир тийгизиши мүмкүн экенин айтты

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев добуш берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди

Маалымат жыйын учурунда Атамбаев эл өзүнө жараша президентти тандап аларын белгилеп өттү.

"Эл менен жолукканымда дагы ар бир бийлик элдин өзүнө жараша болоорун айттым. Кандай бийлик кааласаңар ошону шайлагыла дедим. Эл өзүнүн тагдырын өзү чечсин. Ким президент болсо ошону расмий түрдө кабыл алышыбыз керек", — деди өлкө башчы.

Президент Алмазбек Атамбаев добуш берип чыккандан кийин журналисттерге жооп берип жатып - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: башаламандык уюштургусу келгендердин бардыгы түрмөгө отурат
Ал ошондой эле Кыргызстандагы президенттик шайлоо аяктагандан кийин дагы кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал жөнгө салынбаса, кандай кадамдарга барарын билдирди.

"Эгер шайлоо бүткөндөн кийин дагы чек арадагы тоскоолдуктар алынбаса, анда Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин кезексиз жыйынын өткөрүүнү талап кылам. Эгер абал өзгөрбөсө анда ЕАЭБдин бар-жогу чоң маселе болот", — деди Атамбаев.

Мындан сырткары, ал Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди мисал келтирип балким жаңы президенттер келсе абалды жөнгө салып кетээрин кошумчалады.

Өлкө аймагында президенттик шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0