Сириядагы согушка ата-энеси ала кеткен дагестандык балдар мекенине кайтарылды. Видео

Жазылуу
Чүрпөлөрдү ата-энелери "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуу үчүн Ирак жана Сирия өлкөлөрүнө өздөрү менен кошо ала кеткен.

Беш дагестандык жетим бала Ирактагы баш калкалоочу жайдан Грозный шаарына алып келинди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, алар эми туугандарына өткөрүлүп берилет. Жетим балдарды Чеченстандын Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүндөгү өкүлү Зияд Сабсаби коштоп келген.

"Баштарынан өткөргөн оор учурларга карабастан балдардын абалы жакшы, бирок алар сөзсүз түрдө медициналык көзөмөлдөн өтүшү керек ", — деди Сабсаби.

Чүрпөлөрдү ата-энелери "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуш үчүн Ирак жана Сирия өлкөлөрүнө өздөрү менен кошо ала кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0