Атамбаев: кыргыз эли үч күндүк блокададан коркуп калбайт! Видео

Жазылуу
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Баткенде күч органдарынын кызматкерлерине берилген үйлөрдүн ачкычын тапшырып жатып, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча оюн билдирди.

Ал өз сөзүндө кыргыз элинин бери дегенде үч миң жылдык тарыхы бар экенин баса белгиледи.

"Үч миң жылдык тарыхы бар эл үч күндүк блокададан коркуп кетпейт деп ойлойм. Биздин эл үчүн жашоодон дагы намыс бийик турат. Башыбыздан көп сыноо өттү, мисалы, 2010-жылкы 1,5 айлык блокададан деле өткөнбүз. Бүгүнкү мыйзамсыздыкты дагы жеңип, эгемендүүлүгүбүздү коргоп калабыз", — деди Атамбаев.

Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз өкмөтү казак бийлигине жооп кайтарды
Сөзүнүн аягында президент кыргыз армиясы күчтүү экенин жана коркунучка жооп бере аларын айтты. Бирок учурда каражат жана маалымат согушу болуп жаткандыктан, эгемендүүлүктү аскер менен эмес, акыл менен сактоо керектигин белгиледи.

7-октябрь күнү президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, Казакстандагы айрым кишилердин аракетин сынга алган.

Андан киийн Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин казак бийлиги тууралуу айткандары боюнча билдирүү жасаган.

Ал эми 10-октябрь күнү кыргыз-казак чек арасында Казакстанга киргизүү боюнча көйгөйлөр жаралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0