01:06 24 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Видео

Атайдын "Адем" тобу Малайзияда азиялыктар менен таймашып финалга өттү. Видео

Кыскача шилтеме алуу
6036221
© YouTube/ Asia's Got Talent

"Адем" тобунан калыстар эмне көрсөтөсүңөр деп сураганда бийчилер "мындайды буга чейин көргөн эмессиңер" деп жооп беришкен

Кыргызстандык "Адем" бий тобу "Азия таланттарды издейт" сынагынын финалына өттү. Бул маалыматты аталган топтун жетекчиси Атай Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Анын айтымында, сынак кечээ, 12-октябрь күнү Малайзияда өткөн.

"Бул иш-чарага Азия өлкөлөрүнөн барган таланттар катышкан. Ал эми Орто Азиядан Кыргызстандын "Адем" бий тобу гана барды. Алар өзгөчө бий өнөрү менен көрүүчүлөрдү таң калтыра алышты. Натыйжада "Алтын баскычка" ээ болуп финалга жолдомо алды. Финалдык таймаш декабрь айында өтөт", — деди Өмүрзаков.

Башында калыстар кыргыз бийчилеринен келген жерин сурап, Кыргызстан тууралуу билбей турганы аныкталган. Өнөрпоздор өлкө Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттери менен чектешерин айтып түшүндүрүп беришкен. Ал эми "эмне көрсөтөсүңөр?" деген суроого "мындайды буга чейин көргөн эмессиңер" деп бийлей башташкан.

Аягында калыстар ага ынанып чынында мындайды көрбөгүн моюндашкан. Ошондой эле видеодон бийдин соңунда залда отургандардын баары ордуларынан туруп кол чапканын көрүүгө болот.

Тема боюнча

Атай Өмүрзаков менен "Адем" тобу өнөрлөрүн тартуулады. ЭКСПОдогу видео
Азия оюндары: бильярдчы менен бийчилер эки алтын утушту
Белгилер:
жеңиш, "Адем", бий, сынак
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ