Британияда поезд кичинекей баланын коляскасын сүзүп кетти. Видео

Жазылуу
Бул учур Нанитон темир жол станциясындагы видеокамерага түшүп калган

Улуу Британияда жүк ташуучу поезд кичинекей баланын коляскасын сүзүп кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Нанитон темир жол станциясындагы видеокамерага түшүп калган.

"YouTube каналына жарыяланган видеодо көрүнүп тургандай, сумкалар салынган коляска ордунан жылып кетип, поезд менен кагышкан. Ымыркай бул учурда апасынын колунда болгондуктан жабыркаган эмес", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми өлкөнүн коопсуздук кеңеши мындай окуя дагы кайталанбашы үчүн ата-энелерди коляскаларды токтоткондо анын тормозун басып коюга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0