Сапар Исаков Сочи шаарында КМШ өлкө башчыларынын жыйынына катышууда

Жазылуу
Премьер-министр Сапар Исаков Сочидеги КМШ өлкө жетекчилеринин жана Евразиялык экономикалык жогорку кеңешинин жыйынына барды.

Эки жыйындын жүрүшүндө КМШ жана ЕАЭБдин алкагындагы кызматташуулар боюнча маанилүү маселелер талкууга алынат.

Церемония награждения госнаград 141 кыргызстанцу Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев алты жылдын ичинде кандай иш сапарлардан баш тарткан
Сочи шаарындагы эл аралык аэропорттон Сапар Исаковду Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев тосуп алды.

Сапар Исаков КМШ өлкө жетекчилеринин жыйынына катышып, чогуу сүрөткө түшүү аземине катышты.

Расмий делегациянын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, биринчи вице-премьер Толкунбек Абдыгулов, КРдин Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, экономика министри Артем Новиков, премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов жана өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташуулар бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Айдарбеков бар.

Мурдараак бул иш сапарга өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин барары айтылган. Бирок алдыдагы шайлоого байланыштуу президент өлкө аймагынан чыкпай эле коюну чечкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0