"Ак-Тилек" пунктундагы фуралардын чубалган тыгыны. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Күбө "Актилек" өткөрмө пунктуна барып, андагы фуралардын тыгынын өз көзү менен көргөн

Кыргыз-казак чек арасындагы абал - Sputnik Кыргызстан
Казак-кыргыз чегиндеги кырдаалга Чек ара кызматы үн катты
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунун алдына жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына күбө билдирди.

Видео шаршемби күнү, 11-октябрда эртең менен тартылган. Кадрдан көрүнүп тургандай 30дан ашык жүк ташуучу унаа, алардын ичинде чиркегичи менен тургандар дагы бар. Тыгындын узактыгы кайсы жерден бүтөрүн көрүү кыйын.

Буга чейин жарандар кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пунктунда унаа тыгыны жаралганын айтып, нааразычылыктарын билдиришкен.

10-октябрь күнү саат 18.00дөн тарта казак чек арачылары текшерүү иштерин күчөткөн. Эки саат өткөндөн кийин Кыргызстандын чек арачылары президенттик шайлоого карата күчөтүлгөн режимде иштей баштаган.

Кыргыз-казак чек арасында учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0