Атамбаев: эми мындай итчиликке чыдабайм

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, Кыргызстанды бөлүп-жарууга аракет кылгандардын ою ишке ашпай турганын айтты.

Резиденцияга чогулгандарга кайрылган Атамбаев Кыргызстанды Абыке менен Көбөштөрдүн урпактары башкарбай турганын билдирди.

"Мен ар бир ишиме, сөзүмө жооп берем. Буга чейин чыдасам, мындан ары мындай итчиликке чыдабайм, ачык айтайын. Президент болбой калсам эле эл мени колдобойт деп ойлобогула. Кыргызстанда Чүй болобу, Ош болобу, Баткен болобу, Талас болобу Манас атанын урпактары башын көтөрөт. Азыр Абыке, Көбөштөрдүн урпактары башын көтөрүп жатат, аларга жол бербейбиз", — деди Атамбаев.

Ал ошондой ыплас жолдорду жолдоп бийликке келип тайраңдайбыз дегендердин, коңшулардын акчаларын алып аларды актап, элди чөгөлөтөбүз дегендердин жаман ойлору ишке ашпай турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0