Ирландиянын мектебиндеги камера "ээсин " тартып алган

Жазылуу
Мектептин ичиндеги буюмдар өз алдынча кыймылга келген

Ирландиянын Корк шаарындагы мектептердин биринде видео көзөмөлгө түшүнүксүз көрүнүш тартылып калган. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Жаштар аллеясындагы көз айнек кантип сынып жатканы видеого түшүп калган - Sputnik Кыргызстан
Жаштар аллеясындагы көз айнек кантип сынып жатканы видеого түшүп калган
Видеодон коридордун төр жагындагы аудиториялардын биринин эшиги өзү ачылып, бир нече убакыттан кийин катуу жабылганын көрүүгө болот. Андан кийин шкаф кыймылдай баштаган. Бир саамдан кийин шкаф ячейкасынан окуу куралдары жерге ыргып түшкөн. Тасманын акырында жерде жаткан тактайча да өзүнөн өзү кыймылга келген.

Бул видео окуу мекемесинин Facebook тармагындагы расмий баракчасына жарыяланды.

"Мектеп ээсинин артынан түшкөн "аңчылар" барбы", — деп комментарий жазгандар болду.

Окуя 1-октябрда болгону видео жазылмада байкалып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0