Перуда аскер учагы полиция бөлүмчөсүн барып сүздү. Видео

Жазылуу
Окуянын чоо-жайы иликтөө иштери аяктагандан кийин белгилүү болот

База США в Афганистане - Sputnik Кыргызстан
АКШнын аба күчтөрү жаңылып Афганистанда жай тургундарды бомбалады
Перунун Масамари авиабазасында өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Ан-32 учагы полиция бөлүмчөсүн барып сүзгөнүн El Comercio басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аскер учагы учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен. Алдын ала билдирүү боюнча учактын тормозу кармабай калган. Окуянын чоо-жайы иликтөө иштери аяктагандан кийин белгилүү болот.

Diario Correo басылмасы жазгандай, кырсык болгон учурда анын ичинде 70 аскер болгон. Алардын эч кимиси жаракат алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0