Төө-Ашуудагы узакка созулган унаа тыгын. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Тоого кар түшкөндүгүнө байланыштуу жол тайгак болуп унаа тыгыны жаралган

Дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү Төө-Ашууда узакка созулган унаа тыгыны жаралганын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp-каналы аркылуу билдирди.

Саат 00.33дө окурман үч сааттан бери тыгында турганын жазган.

"4-5 сааттан бери тыгында тургандыктан кичинекей балабыз ыйлап жатат. Башка автолордо дагы жаш балдар менен улгайган кишилер бар. Фурадан иштелип чыккан газдан улам сыртка чыга албай жатабыз. Эмнеге чара көрүлбөйт", — деп дагы бир окурман билдирди.

Унаа тыгыны тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары дагы жазып жатат. Алардын бири Акылай Маратовна тыгында жети саат турганын билдирген.

Ал эми ӨКМден маалымдашкандай, кар түшүп жолдор тайгак болгондуктан ушундай тыгын жаралган. Түнкү саат 2ден баштап коопсуздук максатында атайын режим киргизилген. Ага ылайык унаалар 10 мүнөттүк интервал менен кое берилген. Тыгын азыркыга чейин жоюла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0