Чуу салган мас кишини бурчка такаган аюубалыкты полиция сыйлады

Жазылуу
Эшикти талкалап кирип, ызы-чуу салып жаткан кишини көргөн аюубалык масты бурчка камап туруп алган

Петербург шаарындагы полиция менен дельфинарийдин кызыматкерлери кечээ "Барик" деңиз жаныбарын балыктан жасалган торт менен сыйлады. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Адское пиршество — дрон заснял видео охоты акул - Sputnik Кыргызстан
Акулалардын үрөй учурган аңчылыгы биринчи жолу видеого түштү
Себеби ал 25-сентябрдын түнү делфинарийге мас болуп кирип келип, эшиктерди талкалап жаткан кишини токтотуп калган. Ызы-чуу салып жаткан кишини көргөн аюубалык аны бурчка камап туруп алган. Жаны чыккан киши бакырып, башкаларды жардамга чакырган.

Чуркап келген кызматкерлер суу жаныбарын капасына киргизип, кишини кармап алып, полиция чакырган. Тартип сактоочулар ага айып пул салып, административдик жазага тартышты.

Ал эми делифинарийдин "тартип сактоочусу" болгон аюубалыкты сыйлоо аземин тартуу үчүн бир нече телеканалдардын журналисттери келди. Атайын азем менен каарман аюубалык менен анын машыктыруучусу сыйланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0