03:41 23 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3135
  • RUB1.0964
Видео

Кол кысышкан премьерлер. Исаков менен Медведевдин жолугушуусу кандай өттү

Кыскача шилтеме алуу
Сапар Исаковдун Россияга болгон расмий сапары (9)
507 0 0
© Пресс-служба правительства КР

Премьер-министр Сапар Исаков 29-сентябрда Россияга болгон расмий сапарынын алкагында россиялык кесиптеши Дмитрий Медведев менен жолукту

Исаков бүгүнкү күндө кыргыз-орус мамилелери өнүгүүнүн сапаттык жаңы учуруна келгенин, бул эки мамлекеттин күч-аракети менен ишке ашып жатканын билдирди.

Аны менен бирге Исаков Россия өкмөтүнүн төрагасынын эки тараптуу кызматташтыкка кошкон салымы зор экенин баса белгиледи.

"Бүгүн биздин мамилебиз чынында эле стратегиялык союздаш экендигин ишенимдүү айта алам. Биз эки тараптуу мамилелердин келечегине өзгөчө маани беребиз", – деди Исаков.

Ал ошондой эле президент Аламазбек Атамбаевдин саламын да жолдоду.

Орус өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев Сапар Исаковду премьер министр болуп дайындалышы менен куттуктап, өкмөт башчы катары биринчи чет элдик сапарын Россияга жасаганын жогору баалады.

"Биздин мамлекеттер жакын өнөктөштөр жана союздаштар. Ортодо чыныгы достук мамиле бар. Буга карабастан ар дайым эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүн байкап туруу өтө маанилүү" — деди Медведев.

Мындан сырткары, Исаков менен Медведев 2017-жылдын июнь айында Алмазбек Атамбаевдин Россияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу багытында да сүйлөштү.

Тема:
Сапар Исаковдун Россияга болгон расмий сапары (9)

Тема боюнча

Сапар Исаков Москвага келди. Премьерди коштоп баргандардын тизмеси
Сапар Исаков Москвага эмнеге барат? Программа
Белгилер:
Сапар Исаков, Дмитрий Медведев, Кыргызстан, Россия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ