АКШда иттен аллергиясы бар экенин айткан аялды учактан күчтөп түшүрүп салышты

Жазылуу
АКШнын Southwest Airlines авиакомпаниясына таандык учактан аялды күчтөп түшүрүштү. Маалыматка ылайык, аял иттен аллергиясы бар экенин айтып, анын кесепети опурталдуу болушу мүмкүндүгүн эскерткен.

Балтимордон Лос-Анжелеске учкан 46 жаштагы Анила Даулатзаи эки ит менен чогуу учарын билгенде үй жаныбарынан аллергиясы бар экенин айтып, иттерди салондон алып чыгууну суранган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги LA Times басылмасына таянуу менен билдирди.

Самолет Airbus A320 авиакомпании United Airlines - Sputnik Кыргызстан
АКШ авиакомпаниясы кайрадан жүргүнчүгө байланыштуу чырга кабылды
Учактын экипажы Даулатзаиден дарты бар экенин тастыктаган маалым кат талап кылышкан, бирок анын жанында андай документ болгон эмес. Муну уккан кызматкерлер жүргүнчүнүн учактан түшүүсүн талап кылышкан, буга Даулатзаи макул болгон эмес.

Алардын кайым айтышына полиция дагы кийлигишүүгө аргасыз болгон.

Жүргүнчүлөрдүн бири 61 жаштагы Билл Думас Даулатзаини күч менен учактан түшүрүп жаткан маалды видеого тартып алган.

Анда көрүнгөндөй Даулатзаи полициянын айтканына көнбөй, учактан түшпөй турганын билдирген. Бирок укук коргоо органдары аялды күч менен түшүрүшкөн.

LA Times басылмасынын билдиришинче 46 жаштагы жүргүнчүгө полициянын буйругуна баш ийбей койгон жана коомдук тартипти бузган деген айып тагылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0