Украинада депутаттар мушташа кетип, бирөөнүн жаагы сынган видео тарады

Жазылуу
"Петр Порошенконун блогунун" депутаты кесиптешин бетке бир уруп жаагын сындырып салды

Во время речи Эрдогана в Нью-Йорке в зале началась драка – видео - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган Нью-Йоркто сүйлөп жатканда мушташ чыгып кетти. Видео
26-сентябрь күнү Киев облустук кеңешинде депутаттар мушташа кеткенин активист Александр Аронец өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, "Петр Порошенконун блогунун" депутаты облустук кеңештин жетечилигин отставкага кетирүүгө аракет кылган.

Видеодо көрүнүп тургандай, депутат Виталий Карлюк облустук кеңештин төрайымы Анна Стариканын микрофонун жулуп алган. Ага болуша коем деген "Батькивщина" фракциясынын депутаты Владислав Хахулинди Карлюк бетке бир уруп жыгат.

"Страна.UA", порталынын маалыматына караганда, кийин дарыгерлер депутаттын мээси чайкалганын жана жаагы сынганын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0