Маршрутканын жол тандабас менен кагышуусунан кийинки абал. 7 киши ооруканада

Жазылуу
Жол кырсыгы 27-сентябрь күнү саат 20:00дөр чамасында Киев көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилишинде болгон

Последствия урагана Ирма - Sputnik Кыргызстан
Кара-Сууда унаа оодарылып айдоочунун 5 жаштагы уулдары каза тапты
Борбор калаанын чок ортосунда эл ташыган маршрутка менен жол тандабаc кагышып, маршрутка жолдон чыгып токтогон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Жол кырсыгы 27-сентябрь күнү саат 20:00дөр чамасында Киев көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилишинде катталган.

Маалыматка ылайык, №212 маршрутка Киев көчөсү менен батышты көздөй бараткан. Ал Эркиндик проспектиси менен ылдый келе жаткан жол тандабас менен кагышкан.

"Окуяга күбө болгондор жаракат алгандардын арасында кош бойлуу аял да бар экенин айтышты. Ал башкаларга караганда катуу жабыркаган. Аны жана башка тогуз кишини Тез жардам кызматы алып кетти", — деди кабарчы.

Тез жардам кызматынан 10 адам ооруканага жаткырылгандыгын тастыкташты.

Ал эми милиция маршрутканы 34 жаштагы айдоочу, дипломатиялык номерлер тагылган жол тандабасты 60 жаштагы киши айдап бара жаткандыктарын билдирди. Тартип сакчыларынын айтымында, кырсыктан жети адам жабыркаган.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат. Эки унаа тең айып короого токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0