Бишкек — Ош жолунда милиционер айдоочуну сөгүп, видео тартууга тыюу салды

Жазылуу
Жарандык кийимчен киши протокол түзүп жатканда милиционер айдоочуну сөккөн.

Протокол түзгөн жарандык кийимчен киши документтерин көрсөтүүдөн баш тартты. Ал Кайгуул милициясынын кызматкери болушу мүмкүн. Жанындагы кесиптеши болсо айдоочуну сөгүп салды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине активист Болот Ибрагимов билдирди.

Анын айтымына караганда, айдоочу окуяны тасмага тартып алган. Видео шейшемби күнү, 26-сентябрда саат 17.00дөр чамасында Бишкек — Ош жолунун Суусамыр аймагында тартылган.

"Кайгуул милициясынын формасын кийген бир нече адам кызматын өтөп жатыптыр. Алардын бири "Lexus RX 330" унаасынын алдыңкы орунтугунда айдоочуга карата протокол түзүп жаткан. Алардан кызматтык документин сураганда ары жактагы милиционер сөгүнүп ороңдогон. Жанындагы кесиптештери эч кандай чара көргөн эмес", — деп активист билдирди.

ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына факты боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын жана анын жыйынтыктары айтыларын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0