Бишкектеги арыктарга суу кантип берилет? "Тазалыкчылардын" ишине көз салабыз

Жазылуу
Шаар тургундары таң эрте таттуу уйкуда жатканда шаардын атайын кызматынын жумушчулары суу башына барып, арыктарга суу салат.

Сентябрь айынан тарта шаардагы сугаруу иштери "Тазалык" муниципалдык ишканасына өткөрүп берилген. Буга чейин бул милдетти "Зеленстрой" ишканасы аркалап келген. Андан сырткары, "Тазалык" ишканасы газондордун абалы жана арыктардын тазалыгын да карайт.

Сугатчы Кубанычбек Кудайбергенов күн сайын саат 5.00дө Медеров жана Ашхабад көчөлөрүнүн кесилишине келет.

"Таңкы саат төрттө турам. Тамак ичкенден кийин велосипед менен ушул жерге келем. Суунун бөлүштүрүлүшүн ушул жерден карап турам", — деди Кудайбергенов.

Мэриянын карамагында жалпысынан 25 чакырымдык арыктар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0