Каршы тилкеге чыккан маршрутка айдоочусу тыгынга себепкер болду

Жазылуу
№244 маршруттун айдоочусу Тыныстанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде тыгын жаратты

Жолдогу видеобайкоо камералары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Исаков бир айдан кийин Бишкекте "Акылдуу шаар" долбоорун киргизүүнү тапшырды
Бишкектин борбордук бөлүгүндө маршрутка айдоочусунун айынан унаа тыгыны жаралганын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Видеодо Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн чекеси көрүнүп турат. Анда №224 микроавтобус каршы тилкеге чыгып, унаалардын тыгынын жараткан.

Тасманы жөнөткөн адам маршрутканын жанынан өтүп бара жатып, айдоочуну жол эрежесин сактоого чакырган. Бирок бустун ээси кол шилтеп анын өз жолу менен кетүүсүн айткан.

Кайгуул милициясы аталган маалыматты текшерип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0