Бишкекте эки машинаны сүзгөн айдоочу качып кетти. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Шаршемби күнү болжол менен кечки саат 22.00дө борбор калаанын чок ортосунда белгисиз айдоочу эки унааны сүзүп из жашырып кеткен

Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-канал аркылуу маалымдаган күбөнүн айтымында, жол кырсыгы Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Машина Абдрахманов көчөсү менен бара жатып түштүк тараптагы Lexus RX300 менен Daewoo Matiz такси унаасын сүзүп кетти. Lexus унаасынын ичинде жаш бала бар экен", — деп жазган күбө.

Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан эч ким жаракат алган эмес.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0